АКШ Кыргыз Республикасынын жаш балдар китепканаларына 130 миң китеп берет

Press Release Shim

Speeches Shim

Ар бир китепканага жомоктор, табышмактар, ырлардан жана башка жаш окуучулардын деңгээлине туура келген чыгармалардан турган 1639 китеп берилет.
Ар бир китепканага жомоктор, табышмактар, ырлардан жана башка жаш окуучулардын деңгээлине туура келген чыгармалардан турган 1639 китеп берилет.
Кайратбек Мурзакимов, USAID/Кыргыз Республикасы

Шашылыш жарыялоого

Жума, 21 Апрель, 2017

Бишкек – 21-апрелде, Бишкек шаарында Курманжан Датка аянтында Дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо учурунда, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу 130 миң китеп берүүнү жарыялады. Ал китептер баштапкы мектеп окуучуларынын окуу жөндөмүн күчөтүүчү USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 80 жаш балдар китепканасына берилет.

Ар бир китепканага жомоктор, табышмактар, ырлардан жана башка жаш окуучулардын деңгээлине туура келген чыгармалардан турган 1639 китеп берилет. USAID жана Билим берүү жана илим министрлиги бирге иштеп, 230 түрдүү кыргыз тилиндеги китептерди тандап алышты.

Бул китептер USAIDдин жаш балдар жана алардын ата-энелери арасында окуу маданиятын күчөтүү боюнча ишин толуктап турат. Анткени, күчтүү окуу жөндөмү башка сабактарды окууга да негиз болуп эсептелет.

“Китеп окуу айлана-чөйрөнү изилдөөгө көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Китептер биздин чыгармачылыкты өөрчүтүп, тарыхыбызды үйрөтөт. Ал биздин баалуулуктарды жана кыялдарыбызды, башка муундар жана маданияттар менен болгон байланышыбызды калыптандырат”, - деди элчи Гуолтни китеп белегин жарыялап жатып.

2016-жылдын декабрь айында АКШ USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоору аркылуу 250 миңден ашуун китептерди өлкө боюнча мамлекеттик баштапкы мектептерге берди.

Инновациялык ыкмалар аркылуу жаш балдардын окуу жөндөмүн күчөтүү үчүн USAID, Маданият, туризм жана маалымат министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги “Бирге окуйбуз” долбоорун ишке ашырып жатышат. Долбоор өлкө боюнча мектептердин 60% камтыйт да, 260 миңден ашуун окуучуга келечекте ийгиликке жетишүү үчүн зарыл болгон окуу жөндөмүн күчөтүүгө жардам берет.