Press Release Shim
Speeches Shim
Шашылыш жарыялоого
2018-жылдын 9-август күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, айылдык агрардык кеңеш берүү кызматтары менен катар бир агроөндүрүүчүлөрү мөмө-жемиш, жашылча-жемиш, жана сүт өндүрүүдөгү заманбап ыкмалары боюнча окутуучу материалдарды алышты.
АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) бул видеолор менен колдонмолорду Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында ишке ашкан Агро горизонт долбоорунун алкагында, он миңдеген фермерлерди окуткан бай тажрыйбасынын негизинде даярдап чыкты. Жүздөгөн тренингдердин жыйынтыгында USAIDдин адистери көпчүлүк фермерлер билбеген жана муктаж болгон алдыңкы тажрыйбаларды, жана өндүрүмдүүлүктү жакшыртып, кирешени көбөйтчү жөнөкөй чараларды аныктап чыгышкан.
Бул бекер ресурстарды колдонуп, дыйкандар Кыргызстанда көп кездешкен жана өстүрүлгөн мөмө жана жашылча-жемиштердин түрлөрүн, анын ичинде өрүк, сарымсак, шабдалы, алма ж.б. кантип өстүрүү, сактоо жана кайра иштетүү керектиги жөнүндө пайдалуу маалымат жана кеңештерди алышса болот. Видеолор жана колдонмолор кыргыз тилинде даярдалган. Бул материалдардын баары YouTube (USAID/Кыргыз Республикасы) каналында жана вебсайтында жайгашкан. Каалаган колдонуучу акысыз көрүп же жүктөп алса болот. Материалдарды Айыл-чарба министрлигинен жана Кыргыз улуттук агрардык университетинен да алууга мүмкүн.
USAID Агро горизонт долбоору – Кыргыз Республикасындагы агроөндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жергиликтүү жана эл аралык рынокторду кеңейтүү, жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу аркылуу чакан фермердик чарбалардын кирешесин көбөйтүүгө багытталган төрт жылдык долбоор. Долбоор Кыргызстандагы айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу максатында өлкөдөгү 50 ашык ишкана менен өнөктөштүк түзүп, 90 миң дыйканга колдоо көрсөттү.
###
Окутуучу материалдардын тизмеси:
- Тоют кызылчасын өстүрүү боюнча агротехникасы
- Силос даярдоо боюнча колдонмо
- Кышкы сүт өндүрүү боюнча практикалык колдонмо
- Алма багын вегетативдик кыюу тамыр асты аркылуу көбөйтүү ыкмалары
- Гибрид жүгѳрү ѳстүрүү
- Жемиш бактардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча 10 пайдалуу кеңеш
- Сарымсакты өстүрүү боюнча агротехнологиясы
- Өрүк өстүрүүдө кирешени көбөйтүүгө багытталган агротехникалык ыкмалар
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.