Press Release Shim
Speeches Shim
Шашылыш жарыялоого
Өткөн жылы, АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) бир нече айыл-чарба жана тигүү ишканаларына өз өндүрүмдөрүн экспорттоо боюнча 6 млн АКШ долларлык келишимдерге жетишүүгө көмөктөштү.
Бул экспорттук мүмкүнчүлүктөр өндүрүмдөрдү көбөйтүп, эл аралык сапат көзмөлүн киргизип, иш-жараяндарын өркүндөтүүгө өбөлгө болду. USAIDдин экономикалык өнүгүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Луис Эрнандес, кыргызстандык ишканалар чет элдик сатып алуучулар менен жолугушуп, пикир алууга жол ачкан түрдүү жыйындардын жана мааракелердин маанилүүлүгүн белгилеп кетти. “2017-жылы, биз кыргызстандык компаниялардын Турция, Франция жана башка Европа өлкөлөрүндө өткөн түрдүү маарекелерге катышуусуна көмөктөштүк. Мисалы, эки жума мурун биздин бир нече өнөктөштөр Парижде өткөн Европадагы текстиль боюнча эң ири көргөзмөгө катышып келишти”, - дейт Лус Эрнандес.
Блу иш-аракеттер жакшы майнаптарга алып келди. Кийим тигүү жаатында, бир нече ишканалар биринчи жолу эл аралык сатып алуучулардын сапат жана өндүрүү боюнча татаал талаптарына жетише алышты. Ал сатып алуучулар жылына 2 млн АКШ долларына товар сатып алууга кызыкдар. Айыл-чарба жаатында болсо, жергиликтүү ишканалар эл аралык стандарттарга жана тамак-аш коопсуздугу боюнча талаптарга жетишип, АКШ, Казахстан жана башка аймактагы өлкөлөргө товар экспорттоо боюнча 4 млн долларлык келишимдерди түзүштү.
USAID Кыргызстанда 60тан ашуун ишканалар менен шериктешип, жеке сектордун туруктуу экономикалык өнүгүүгө, инфраструктураны өркүндөтүүгө, инвестицияларды жандандырууга жана жумушчу орундарды жаратууга түрткү болуусун колдойт. 2017-жылы гана, бул шериктештиктер 25 млн АШК долларлык капиталдык инвестициянын себепкери болуп, көптөгөн жергиликтүү ишкерлерге, чакан ишканаларга жана дыйкандарга пайда алып келди.
Бул шериктештиктер USAIDдин Кыргыз Республикасындагы экономикалык өнүгүү боюнча “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” жана “Агро горизонт” долбоорлорунун алкагында түзүлдү. Бул эки ири долбоордун жалпы бюджети 40 млн АКШ долларын түзөт.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.