Жаңы дарылоо ыкмасы кургак учуктун эң татаал формасы менен ооругандарга үмүт берет

Press Release Shim

Speeches Shim

Жакынкы айларда, мындан да көп бейтаптар дарылоосун аякташат.
Жакынкы айларда, мындан да көп бейтаптар дарылоосун аякташат.
Оливье Леблан / USAID/ Кыргыз Республикасы

Шашылыш жарыялоого

Дүйшөмбү, 23 Июль , 2018

Июндун акыркы аптасында USAID менен Кыргыз Республикасы дарыларга кеңири туруктуулугу бар кургак учук (ДКТ-КУ) менен күрөшүүдөгү эбегейсиз жетишкендик жөнүндө кабарлашты. Дарыгерлер жаңы жекече дарылоо режимине өтүп, ДКТ-КУ дартынан айыккан эки бейтап тууралуу билдиришти. Бул окуя Кыргыз Республикасында ДКТ-КУ чалдыккан бейтаптардын 90% натыйжасыз дарыланып жаткан катаал кырдаалда өзгөчө орунга ээ болду. Жакынкы айларда, мындан да көп бейтаптар дарылоосун аякташат. Алардын дарылануу прогресси көптү үмүттөндүрүп турат. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги 18 ай мурда АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) менен бирге жаңы дарылоо режимдерин киргизген. USAIDдин Challenge TB долбоору аркылуу Кыргызстанда кыска жана заманбап дарылоо методдору жана Бедаквилин, Деламанид аттуу жаңы препараттары киргизиле баштады.

Көп дарыларга туруктуу кургак учук (КДТ-КУ) жана кеңири дарыларга туруктуу кургак учукту (ДКТ-КУ) дарылоодогу буга чейинки колдонулган схемаларда, эки жылдын ичинде бейтаптар 14 600 таблетка ичип жана 240 ийне алышы зарыл болчу. Дарылоо узак жан татаал болгондуктан, КДТ-КУ менен ооруган бейтаптарды жарымы (56%) жана ДКТ-КУ менен жабыркагандардын ондон бири гана айыгышкан. Андыктан, көпчүлүк адамдар үмүтүн жоготуп, дарыланууга да аракет кылчу эмес. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму колдогон жаңы дарылоо методу кургак учуктун татаал формаларын дагы айыктыра алат. Бул методдор Бедквилин жана Деламанид препараттары менен күчөтүлгөн учурда, андан да күчтүүрөөк болот. 

Бул Кыргызстанда кургак учуктун оор формалары менен жабыркаган жүздөгөн бейтаптардын үмүтүн арттырып жатат. Азыркы бейтаптардын айрымдары кайра-кайра пайда боло берген көзмөлдөн чыгып кеткен инфекциядан, ошондой эле мурдагы дарылардын терс таасирлеринен көптөгөн жылдар бою жабыркап келишкен. Азыр өлкө боюнча 350 бейтап жеке дарылоо схемасында, алардын 60% жаңы дарылар менен дарыланып жатышат. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан дүйнө боюнча дарыларга туруктуу болгон кургак учуктун деңгээли эң жогору болгон өлкөлөргө кирет. Жаңы катталган учурлардын болжол менен 27% жана кайра пайда болгон учурлардын 60% дарыга туруктуу учурлар болууда. USAID менен Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учукка каршы бир нече долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын бири USAIDдин Challenge TB долбоору – ал аркылуу өлкөдө жүздөгөн жанды сактап калууга мүмкүнчүлүк берген жаңы жана таасирдүү дарылоо ыкмалары жана дарылар ишке киргизилип жатат.