Press Release Shim
Speeches Shim
Шашылыш жарыялоого
Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы эки башталгыч мектептин 230дан ашык окуучулары жана алардын ата-энелери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган китеп окуу боюнча иш-чарага катышууда. Бул иш-чаранын алкагында чогуу китеп окуу, конкурстарга катышуу жана Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театралдык постановкаларды көргөзүү каралган. Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана балдардын китеп окууга кызыгуусун жана китепти сүйүүнү тарбиялоодо ата-энелердин ролунун маанилүүлүгүн баса белгилөө.
Бул иш-чара Нарындагы В.Чкалов атындагы мектебинде 15 мартта саат 8:50 өткөрүлөт, ал эми Кочкордогу О.Айбашов атындагы мектебинде 16 мартта саат 10.00 өткөрүлөт.
«Биз окуучуларга китептердин кызыктуу дүйнөсүн көрсөтүүнү каалайбыз. Окуучунун ийгилиги мектептин жана үй-бүлөнүн жалпы жетишкендиги болуп саналат. Мына ошондуктан биз ата-энелерге окуу процессиндеги өнөктөштөр катары карайбыз. Биз ата-энелерди балдарын колдоп, чогуу китеп окууга жана китеп каармандарын талкуулоого чакырабыз - бул баланын талдоо жөндөмдөрүн жана окуу көндүмүн калыптандыруу үчүн негизин салат», - деп В.Чкалов атындагы мектептин директору Айчурок Самакова айта кетти.
Бул иш-чара 1-4 класстарынын окуучуларынын негизги окуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында уюштурулган. Бул долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууда бүткүл өлкө боюнча 900 мектепте ишин алып барып, 8000ден ашык мугалимдерди жана билим берүү тармагындагы башка адистерди сапаттуу окууну үйрөтүү боюнча алдыңкы тажрыйба тууралуу тренингдерди өткөрүп жатат. Мындан тышкары, бул долбоор окуучулардын билим алуу тажрыйбасын байытуу максатында түрлүү сапаттуу окуу ресурстар, окуучулардын жаш курагына ылайык кошумча окуу үчүн материалдар менен камсыз кылат. Долбоордун бюджети 7,9 млн АКШ долларын түзөт.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.