Press Release Shim
Speeches Shim
Шашылыш жарыялоого
Бишкек, Кыргызстан – 2018-жылдын 5-ноябрында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын 50 муниципалитетинин өкүлдөрү Бишкек шаарында Аймактар форумуна чогулушат. АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулган төртүнчү форумдун жүрүшүндө жергиликтүү лидерлер, мамлекеттик кызматкерлер, бизнес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Форум Hyatt Regency мейманканасында (Абдрахманов көч., 191) саат 10.00дөн 16.30га чейин өтөт.
Акыркы эки жылда форум муниципалитеттер жана айыл өкмөттөрү үчүн жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча платформага айланды. Бул жолу катышуучулар салыкты жөнгө салуу, муниципалдык кызматтар менен камсыздоону жакшыртуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруу практикасын мыктылоо аркылуу жергиликтүү бюджеттерди көбөйтүүнү талкуулашат.
Иш-чарага 170 ашык адам, алардын арасында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Дональд Лу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаевдин катышуусу күтүлүүдө.
Аймактардын форуму – USAIDдин Кыргыз Республикасынын аймактарын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн колдоо боюнча бир нече демилгелеринин бири. Мындай демилгелер, Президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган “Аймактарды өнүктүрүү жылында” өзгөчө актуалдуу болуп келет.
Иш-чара жалпы бюджети 9,5 млн АКШ долларын түзгөн беш жылдык USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоордун негизги максаты – муниципалитеттерди күчтөндүрүү жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин жогорулатуу. Учурда долбоор Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын 50 муниципалитети менен кызматташып, аларга суу менен камсыздоо, таштандыларды кайра иштетүү, айыл-чарба жана башка жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн маанилүү болгон кызматтарды жакшыртуусуна көмөк көрсөтүп жатат.
Кошумча маалымат алуу үчүн Жылдыз Ниязалиевага, долбоордун коомдук байланыш боюнча адисине төмөнкү номерлер жана э-дарек аркылуу кайрылсаңыздар болот: zhyldyz_niiazalieva@dai.com, тел.: +(996) 312 586 358, +(996) 770 777 127.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.