Press Release Shim
Speeches Shim
Шашылыш жарыялоого
Бүгүн, 25-сентябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы «Конкуренттүү ишкана» аттуу жаңы беш жылдык долбоордун бет ачарын өткөрдү. Долбоордун бюджети 22,7 миллион АКШ долларын түзөт. Бишкекте өткөн долбоордун ачылыш аземине торага Жогорку Кенеш Дастан Жумабеков, Айыл-чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, Экономика министрлигинин статс-секретары Айдин Шаршеев жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын башчысы Гэри Линден катышты.
Кыргыз Республикасынын ички дүң өнүмүнүн 75% жеке ишканалар түзөт. Алар өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү эң чоң булактардын бири да болуп эсептелет. Бирок, ишканалардын ишмердүүлүгү жана өнүгүүсү дагы эле жетишсиз деңгээлде калып жатат. Мындай жагдай бир нече факторлордон, анын ичинде квалификациялуу адистердин тартыштыгынан жана капиталдык инвестициялардын жетишсиздигинен келип чыгууда.
USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору Кыргызстанда инклюзивдүү жана рыноктук механизмдердин негизинде экономикалык өсүүнү күчөтүү максатында чакан жана орто ишканаларды колдойт. Долбоор беш жылдын ичинде 19 миң жаңы жумуш орун түзүүнү жана кыргызстандык чакан жана орто ишканалардын соода көлөмүн 39 миллион АКШ долларына көбөйтүүнү көздөйт. Мындан тышкары, долбоордун алкагында кызматташкан финансылык институттардан туруктуу өнүгүүгө дарамети бар ишканаларга 17 миллион АКШ долларына барабар насыя тартуу боюнча максат коюлган.
“Биз бул ыкмалар иштеээрин анык билебиз, анткени, USAID жана биздин өнөктөштөр аларды айыл-чарбада, тигүү жана туризм секторлорунда ийгиликтүү колдонуп келет” деди Гэри Линден өзүнүн ачылыш аземиндеги сөзүндө.
«Конкуренттүү ишкана» долбоору айыл-чарба жана өнөр жай сыяктуу жумуш орундарын түзүү потенциалы күчтүү жана тез өнүгө турган секторлорго көңүл бурат. Долбоор аялдарды жана жаштарды көп тартып, жумуш орундары менен камсыздаган IT жана туризм секторлоруна да инвестиция жасайт. Долбоор атайын грант жана ылдамдатуу программалары аркылуу айымдар жана жаштар башкарган чакан жана орто ишканаларды колдоп, жаш компаниялардын өнүгүүсү үчүн биргелешкен инвестицияларга көмөктөшөт.
USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору өлкөнүн бардык облустарында иш алып барып, жумушсуздук жана миграция деңгээли жогору болгон аймактарга өзгөчө көңүл бурат.
“Бул долбоор Президентибиз Сооронбай Шарипович жарлыгы менен чыгарган алыскы региондорду өнүктүрүү маселесине эң туура келген долбоор болгону мени да сүйүндүрөт. Ушундай долбоорлор бизде иштеп турса, мамлекетке кошумча чоң бир жөлөк, эконмикабызга, элдин жана региондордун өнүгүшүнө чоң салым болот”, - деди төрага Дастан Жумабеков ачылыш аземиндеги өз сөзүндө.
###
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.