Speeches Shim
3-5-октябрда, Ташкентте өткөн 23-эл аралык туристтик жарманкесине Кыргызстандан он туризм компаниясы катышты. Бул сапар Америка кошмо штаттарынын эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен өттү. Кыргызстандын стендинде орун алган боз үй, улуттук музыка жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү келген конокторго өлкөнү жагымдуу туристтик жай катары көрсөткөнгө жардам берди. Делегация Өзбекстандын көптөгөн туризм ишканалары менен жолугушуп, 141 кызматташуу келишимине кол коюлду.
Ош шаарынын туристтик компаниялары Ташкенттеги жарманкеге алгачкы жолу катышып, Кыргызстанга сапарды чек-арага жакын жайгашкан Ош аркылуу баштоого чакырышты. USAID Ош шаарынын туристтик сунуштарын жакшыртууда активдүү колдоо көрсөтүп, аны туристтерге жагымдуу жай катары жайылтууда зор салымын кошуп келет.
«Оштогу «Достук» кыргыз-өзбек чекара бекети жакында ачылып, туристтердин саны кескин жогорулайт деп күтүп жатабыз. Соңку күндөрдө туристтер арасында Ошко жана Жалал-абадга, андагы курорт жана ыйык жерлерине болгон кызыгуусу артканын байкадык», - деди «Бий ордо» конок үйүнүн жана ишканасынын ээси Мунар Иса.
Июль айынан тарта Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттамдарды баштаган Tourasia ишканасы эми кышкы сезондо дагы каттамдарды улантууну көздөп жатат.
“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси” – бул туризм, тигүү өнөр жай жана курулуш материалдар тармактарын өнүктүрүүгө багытталган төрт жылдык долбоор.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.